Анкарадагы бизнес-форумда бир катар келишимдерге кол коюлду

2024-жылдын 9-февралында Түркиянын Анкара шаарында эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз-Түрк бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Форумдун алкагында жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашык экспорттук контракттарга, анын ичинде «Дан Агро Продактс» ЖЧКсы менен «Башан Агро Гида Сан» ЖЧКсынын ортосунда Түркияга 4.6 миллион долларына буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ve Tic A.Ș. жана 1.8 млн доллары өлчөмүндө КРнан жаңгакты экспорттоо боюнча баштапкы келишим түзүлдү.

Мындан тышкары, буларга кол коюлду:

·         президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен “ОСТИМ” ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

·         президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен ОСТИМ ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

·         «Чакан ГЭСтер Ассоциациясы» Юридикалык жактардын Ассоциациясы менен EKSTUR Turizm Danışmanlık Tanıtım Dekorasyon Gıda İthalat İhracat San.Tic.Ltd.Şti жана башкалар ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Бул макулдашуулар өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформа түзүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат. Бул документтерге кол коюу тараптардын кызматташууну кеңейтүүгө жана келечекте өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүүгө умтулуусун айгинелейт.