2023-жылы Чүй облусунда 33 орто жана чакан ишкана ачылды

2023-жылы Чүй облусунда 33 орто жана чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди. 

Жыйында Жапаров Чүй облусунда ачылган ири ишканаларды ар бирин жеке өзү көрүп чыкканын, эми өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу жаатында активдүү иш алып баруу зарылчылыгына токтолуп, ушул максатта инвестициянын көлөмү 100 млн долларды түзгөн Wildberries компаниясынын соода логистикалык борборун, Аламүдүн районунда 38 гектарга куруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

«Инвестор келген соң, 3 айда долбоор боюнча алдын ала эсептөөлөр, техникалык экономикалык негиздеме, 6 айда долбоордун каржы булактары такталып, 9 айда ишканалардын курулушу башталып калуусу зарыл. Мурдагыдай жер участогун алып, 10 жылдап кыймыл аракетти баштабаган инвесторлорго туш болбоо үчүн баарын алдын ала так даана макулдашуу керек», -деди ал.

Мындан тышкары жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ирригацияга жыл сайын республика боюнча жыл сайын 1 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнгөнүн, өлкө анын натыйжасын 2024-жылы көрө башташы керектигин белгиледи.