Акылбек Жапаров: Бишкек экономиканын локомотиви болушу керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, коллегиянын отурумунда муниципалитеттин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата милдеттери талкууланды. 

Акылбек Жапаров мэриянын кызматкерлерине Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал учурунда координацияланган оперативдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.  

Ал шаардын бюджетин көбөйтүү үчүн болгон потенциалга басым жасап, салыктарды башкаруу, инвентаризациялоо, бухгалтердик эсеп, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын кошумчалады. 

«Бишкек шаары биздин экономикабыздын локомотиви болушу керек. Шаардын жашоосунун маанилүү тармактарын электрондук түрдө көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн бардык процесстерди санариптештирүү зарыл. Шаарда тазалык, коомдук коопсуздук, шаар чөйрөсүнүн эстетикасы жана жашылдандыруу боюнча өзгөчө тартип жана эрежелерди киргизүү зарыл. Шаар жашоочулар үчүн жана туристтер үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бизге кооз архитектуралар, беш жылдыздуу мейманканалар керек. Быйыл футбол стадионунун курулушу күтүлүүдө. Коюлган пландардын ичинде бардык инфраструктурасы бар заманбап бизнес-борбордун курулушу да бар», - деди Акылбек Жапаров. 

Мэриянын коллегиясынын жыйынынын соңунда салыкты башкаруу, санариптештирүү, катализаторлору жок унаалардын экологияга зыяндуу заттарды чыгаруусуна талаптарды жана көзөмөл чаралары боюнча иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.