«Кыргызиндустриянын» жетекчилиги Ош облусундагы ишканалардын иши менен таанышты

«Кыргызиндустрия» ААКнун президенти Жарасул Абдураимов иш сапарынын алкагында  «Жемишкампа» ААКнун, «Кыргызтообалык» жаңы балык чарбасынын ишмердүүлүгү жана минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулуш иштери менен кеңири таанышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Коомдун президенти, өкмөт анын ичинде «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому тарабынан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп, Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге «Кыргызлифт-Ош» ЖЧКсынын жана «Кара-Кулжа автотранс» ААКнун автобекетинин учурдагы абалын көрүп чыгып, андагы соода кылган ишкерлер менен жолукту.

Иш сапардын жыйынтыгында Жарасул Абдураимов мекеме-ишканалардын жетекчилерине сапаттуу, экологиялык жактан таза продукция өндүрүү жаатында  иштерди жакшыртуу, өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жана аталган ишканаларда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди жакшыртууну тапшырды.