> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы маморгандардагы финансылык мыйзам бузуулардын көлөмү 3 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/02/20/2023-zhyly-mamorghandardaghy-finansylyk-myizam-buzuulardyn-kolomu-3-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2024-02-20T04:05:19.000Z
- Updated: 2024-02-20T04:05:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

2023-жылга бекитилген жылдык планына ылайык, 443 объектте аудит жүргүзүү каралып, 404 объектте текшерүү жүргүзүлдү, же белгиленген пландын аткарылышы 2023-жылга карата аудит 91% түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, ички аудит кызматы тарабынанан укук коргоо органдарынын (прокуратура, ички иштер, УКМК), ошондой эле жарандардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча 136 объекти боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, аткарылган иштер 109% түзгөн.

Атайын иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 2.2 млрд сомду түздү.

Жалпы Финансылык мыйзам бузуулар 3 млрд сомду түздү. Алар:

· пландык текшерүүлөр – 872 млн сом, 27% кайтарылды.

· атайын иликтөөлөр – 2.2 млрд сом 11.6% кайтарылды.