2023-жылы маморгандардагы финансылык мыйзам бузуулардын көлөмү 3 млрд сомду түздү

2023-жылга бекитилген жылдык планына ылайык, 443 объектте аудит жүргүзүү каралып, 404 объектте текшерүү жүргүзүлдү, же белгиленген пландын аткарылышы 2023-жылга карата аудит 91% түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, ички аудит кызматы тарабынанан укук коргоо органдарынын (прокуратура, ички иштер, УКМК), ошондой эле жарандардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча 136 объекти боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, аткарылган иштер 109% түзгөн.

Атайын иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 2.2 млрд сомду түздү.

Жалпы Финансылык мыйзам бузуулар 3 млрд сомду түздү. Алар:

·         пландык текшерүүлөр – 872 млн сом, 27% кайтарылды.

·         атайын иликтөөлөр – 2.2 млрд сом 11.6% кайтарылды.