Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты жана коомдук талкууга сунуштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, программанын стратегиялык максаты калктын мөмө-жемиш продукциясынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу, экспорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнү колдоо болуп саналат.

Өнүгүп келе жаткан алдыңкы технологияларды колдонуу менен интенсивдүү бакчалар келечектүү багыт катары айырмаланып турат. Мөмө-жемиш питомниктерин өнүктүрүүгө, соода-логистикалык борборлорду курууга, мөмө-жемиш продукциясын узак мөөнөттүү сактоо үчүн кампаларды жана муздаткычтарды курууга өзгөчө көңүл бурулат.

Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат:

·         мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү;

·         багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди түзүү;

·         багбанчылык максатында 42.9 миң га асылдуулугу төмөн жайыттарды беш жылдын ичинде өздөштүрүү;

·         багбанчылык тармагында 14 кластерди түзүү;

·         багбанчылык багыттары үчүн 1 млрд 900 млн сом өлчөмүндө

·         жеңилдетилген кредит берүү;

·         багбанчылык тармагында 2 соода-логистикалык борборлордун курулушу.

Программа багбанчылыкты өнүктүрүүгө, асылдуулугу төмөн жайыттарды жана жерлерди натыйжалуу пайдаланууга, ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган, экономикалык өсүшкө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.

Долбоордун толук варианты шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Байланыш маалыматы: Бишкек ш., Киев көч. 96а, телефон: +996 (312) 66-47-46, Email: sadykg687@gmail.com.