Кыргызстан Монголияга 18 тонна кылчык жүн жөнөтөт

2024-жылдын 20-февралында МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Содн Ганхуяг менен жолукту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушууда тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кылчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр экенин билдирди.

Өзгөчө көңүл ветеринардык коопсуздук жана мал жандыктардан алынган продукциянын сапатын көзөмөлдөө маселесине бурулду. Анын алкагында министрликке караштуу Ветеринардык кызматы менен Монголия өкмөтүнүн Ветеринардык кызматынын башкы башкармалыгынын ортосундагы меморандумга кол коюу маселеси талкууланды. Аталган документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эффективдүү кызматташуунун пайдубалын түптөп, продукциянын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандартын камсыз кылууга жардам берет.

Эки тарап тең өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана бул багыттар боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.