«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 15.9 млрд сомдон ашык төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын январь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 15 млрд 947.7 млн сом салык төлөсө, анын 11 млрд 396.6 млн сомдон ашыгы алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 1.1 млрд сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 578.8 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 347.3 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 231.5 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 751 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 526 кызматкер – Талас  облусунун тургундары, 219 – Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары.