Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

Такталгандай, КРда инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында  2023-жылдын декабрындагы 7.3% деңгээлинен 5%га чейин төмөндөгөн. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү мурдагыдай эле басаңдоосун улантууда, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын төмөндөөсү кыйла жай тенденцияны көрсөтүүдө. Айкын инфляциянын түптөлүшүнүн  негизги факторлору болуп, ички суроо-талаптын жогорку деңгээлде сакталып турушу, ошондой эле тарифтик саясатты, көбүнчө коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө кайра карап чыгуунун таасири саналган.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн тышкы экономикалык шарттар дүйнө жүзүндө геосаясий жагдайга байланыштуу уланып жаткан жогорку белгисиздик жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылышынын натыйжасында глобалдык инфляциянын акырындап басаңдоосу байкалууда.

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү уланууда. 2024 жылдын январь айында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7.4%ды түзгөн, буга негизги салым өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору тарабынан камсыз кылынган. Ички керектөө бюджеттик жана жеке секторлордун реалдуу эмгек акыларынын жогорулашы, керектөө кредиттөөсүнүн көбөйүүсү жана өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн өсүшү менен колдоого алынат. Салык-бюджет секторунда фискалдык консолидациялоо саясатын жүргүзүү өлкөдө баа динамикасына ооздуктоочу таасирин тийгизет.