Акылбек Жапаров: Кыргызстан түрк ишкерлерине бардык шарттарды түзүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.

Жапаров жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Акылбек Жапаровдун Анкарага болгон расмий сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болду.