> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/04/akylbiek-zhaparov-kashkar-erkin-ekonomikalyk-aimaghyna-bardy/
- Published: 2024-03-04T03:52:57.000Z
- Updated: 2024-03-04T03:52:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Алгач минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы көрсөтмөлүү-көргөзмө павильонуна баш бакты. Бул жерде Кыргызстандан чыгарылган товарлар үчүн атайын орун бөлүнүп, бүгүнкү күндө айрым товарлар коюлган. 

Андан ары Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасына барды. Белгилей кетсек 2023-жылдын 9-декабрында «Кашкар» ЭЭА менен «Нарын» ЭЭА түзгөн келишимге ылайык, «Кашкар» ЭЭАдагы бондалык кампа «Нарын» ЭЭАга пайдаланууга берилген. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы «Кыргыз почтасы» МИнын бондалык кампасына барды. Бул кампада электрондук соода жүгүртүүнүн негизинде сатылган товарлар иргелип, даректерге жөнөтүлөөрү айтылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfb9b98a9.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfb9de139.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfba4bd65.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfba24c6b-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfba24d84.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/65e2dfba03475.jpg)