> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылы «Кыргыз жылуулук энергого» 1.7 млрд сом каралган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/06/2024-zhyly-kyrghyz-zhyluuluk-enierghogho-1-7-mlrd-som-karalghan/
- Published: 2024-03-06T08:55:52.000Z
- Updated: 2024-03-06T08:55:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» МИнын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча 1.7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Каралган каражаттын ичинен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды.

Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтурууга багытталган.