Англия банкы КРУБ менен банк ишин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев Англия Банкынын төрагасы Эндрю Бэйли менен жолукту. Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана КРда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу органдардын акча-кредит саясатынын келечектеги багыттарына карата күтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар пикир алмашып жана  акча-кредит саясаты  маселелери боюнча эки тараптуу  өз ара иш жүргүзүүнү жана Улуттук банктын негизги иш багыттары боюнча техникалык кызматташууну андан ары күчөтүү тууралуу макулдашышты.

Иш сапардын алкагында Улуттук банктын делегациясы Англия Банкынын эксперттери менен кеңири жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар банк ишин жөнгө салуу, төлөм системаларын жана борбордук банктардын санарип валюталарын өнүктүрүү маселелерин жана ошондой эле монетардык чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык инструменттерди колдонуу тажрыйбасын талкуулашты.