БУУӨП Ош облусунда туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Жантаев Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча аймактык бюросунун директору Ивана Живковичти кабыл алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.

Такталгандай, Жантаев алгач БУУӨПдүн өкүлдөрүнө Ош облусунун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

«Экономиканы өнүктүрүүгө экологиялык, инклюзивдик жана санариптик мамилеге жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы көрүлгөн чараларга жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча БУУӨП тарабынан аткарылган иштерди жакшы билебиз жана абдан баалайбыз», -деди ал.

Ошондой эле Жантаев Памир-Алайдын туристтик зонасында инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү сунушун берди. Атактуу Ленин чокусу (деңиз деңгээлинен 7134 м бийиктикте) көптөгөн өлкөлөрдөн миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат, бирок тилекке каршы, ал аймактагы инфраструктура жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес.

Белгиленгендей, учурда БУУӨП «Соодага жардам берүү» долбоордун алкагында нарк чынжырын өнүктүрүү үчүн 3 багытта иш алып барууда: кургатылган жемиштер, табигый бал, туризм. Бүгүн ушул долбоорунун жетишкендиктеринин көргөзмөсү өткөрүлдү.