> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/07/akylbiek-zhaparov-pochta-bankty-tuzuu-boiuncha-kytailyk-kompaniianyn-okuldoru-mienien-zholughushtu/
- Published: 2024-03-07T03:57:36.000Z
- Updated: 2024-03-07T03:57:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Почта-банкын» ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясы менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. 2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

Почта банкы ачылгандан кийин КРнын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.