Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Почта-банкын» ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча  кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясы менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.  2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

Почта банкы ачылгандан кийин КРнын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.