2024-жылы социалдык коргоого 62.7 млрд сом бөлүнөт

2024-жылы социалдык коргоого 62.7 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

КРнын бюджетинин бардык чыгашаларынын жарымынан көбүн жумушсуздук, социалдык камсыздоо, оору, майыптык, жесирлик, карылык же өзүнө көз каранды болбой калган жагдайлардан улам, эне жана бала, башталгыч жана орто мектептерде акысыз милдеттүү билим алуу ж.б. социалдык максаттарга бөлүнгөн чыгашалар түзөт.

Мамлекеттик бюлджеттин олуттуу салымы калкты социалдык жактан коргоого жумшалат.

2021-жылы калкты социалдык жактан коргоого 35.8 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылы бул максатттарга каралган каражаттар кыйла өсүү динамикасы менен 62.7 млрд сомду түзүүдө. Социалдык жактан коргоого чыгашалардын жылдан жылга көбөйүүсүнүн себептери: пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого жана мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн өлчөмүн жогорулатууданга багытталган.