Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдери реформаланат

Президент Садыр Жапаров «Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынынын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы учурда КРда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө анын сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр кала берүүдө. Бул кырдаалдын негизги себептери болуп материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз кылуу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансы каражаттарын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын натыйжасыз пайдалануу, кадрдык тартыштык жана кызматкерлердин мотивациясынын төмөндүгү саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы түзүлгөндөн тартып соңку 25 жылдын ичинде ал тийиштүү түрдө өнүккөн жок жана медициналык кызматтар негизинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары – ММК фонду) жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылууга арналган консолидацияланган бюджеттин эсебинен КРнын жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылуу үчүн жооптуу аткаруучу орган болуп саналгандыктан, консолидацияланган бюджетти топтоочу жана финансылык каражаттарды тескөөчү финансылык органга айланды. Ошентип, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын контролдоо боюнча негизги функциялары жетишсиз аткарылууда, ошондой эле ММК фондунун жарандардын кайрылууларын ыкчам чара көрүп кароо жана жарандардын медициналык жана башка кызматтардын сапатына канааттануусун изилдөө сыяктуу функциялары экинчи планда калып, сапатсыз ишке ашырылууда же таптакыр жүргүзүлбөй жатат.

Штаты жетиштүү сандагы аймактык бөлүмдөрү болсо да ММК фондунун Жобосунда жазылган көптөгөн функциялар натыйжасыз аткарылууда, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштеген калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууга тартуу боюнча иш жетиштүү жүргүзүлбөй жатат.

Мамлекеттик финансылык ресурстарды кыйла натыйжалуу жана ачык пайдаланууну камсыз кылуу жана калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу Бирдиктүү төлөөчү системасында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо жолу менен саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо зарыл. Ошону менен бирге аймактык деңгээлде башкарууну күчөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо принциптерин калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтууну кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү зарыл.