Депутаттар Токмоктогу дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүүчү заводдо болушту

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү кезектеги көчмө жыйынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүүчү заводдо өткөрүштү. Бул тууралуу ишкана билдирди.

 Такталгандай, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов 2023-жылдын август айында ачылган завод учурда тесттик режимде иштеп жатканын билдирди.

«Заводду ишке берүү менен «Кумтөр Голд Компани» өлкөбүздүн экологиясын сактоого өз салымын кошууда. Көп жылдар бою Кумтөр кенинде иштеген чоң жана атайын техниканын эски дөңгөлөктөрү эч кандай утилизацияланган эмес. Алар жөн гана чогула берген. Эми мындан ары колдонууга жараксыз дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, аларды рынокто суроо-талапка ээ болгон продукцияга айлантуу мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деп баса белгиледи ал.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү заводдун иши жана продукциялары менен тааныша алышты. Комитет мүчөлөрү заводдогу жасалып жаткан иштерге  ыраазы болуп, Кумтөр ушул сыяктуу жаны ишканаларда ачса, кошумча жумуш орундарын түзүп, өлкөбүздүн экономикасына дагы да көбүрөөк салымын кошо берсе деген каалоо-тилектерин билдиришти.