> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки айдын ичинде бюджеттин эсебинен Нарын облусу 107.8  млн сомго каржыланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/14/eki-aidyn-ichindie-biudzhiettin-esiebinien-naryn-oblusu-107-8-mln-somgho-karzhylandy/
- Published: 2024-03-14T04:29:49.000Z
- Updated: 2024-03-14T04:29:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 82.7 млн сом өлчөмүндө каржыланган.**

Алар:

1\. Теңдөөчү трансферт – 61.8 млн сом;

2\. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3.3 млн сом;

3\. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.6 млн сом;

Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 25.1 млн сом бөлүнүп берилди.