Эки айдын ичинде бюджеттин эсебинен Нарын облусу 107.8 млн сомго каржыланды

Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 82.7 млн сом өлчөмүндө каржыланган.

Алар:

1.      Теңдөөчү трансферт – 61.8 млн сом;

2.      Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3.3 млн сом;

3.      Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.6 млн сом;

Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  - 25.1 млн сом бөлүнүп берилди.