«Кепилдик фонд» кореялык «КОДИТ» менен кызматташууга даяр

«Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен Кореянын өнүктүрүү банкынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн аткаруучу директору Ян Сын Вон жолугушту. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын делегациясынын Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында Сеулда өткөн.

Жолугушууда тараптар эки уюмдардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алмашышты. Ишкердикти колдоо жана анын Кыргызстан менен Кореянын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.