> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республикалык бюджеттин эсебинен Талас облусу 70.3 млн сомго каржыланган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/14/riespublikalyk-biudzhiettin-esiebinien-talas-oblusu-70-3-mln-somgho-karzhylanghan/
- Published: 2024-03-14T09:30:48.000Z
- Updated: 2024-03-14T09:30:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Талас облусу боюнча 2024-жылдын 2 ай ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 35.6 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 32.2 млн сом;

· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 2.8 млн сом;

· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0.6 млн сом;

Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 34.7 млн сом бөлүнүп берилди.