Республикалык бюджеттин эсебинен Талас облусу 70.3 млн сомго каржыланган

Талас облусу боюнча 2024-жылдын 2 ай ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 35.6 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

·        теңдөөчү трансферт – 32.2 млн сом;

·        айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 2.8 млн сом;

·        электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0.6 млн сом;

Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 34.7 млн сом бөлүнүп берилди.