Салыкчылар эки айда 42 млрд салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Салык кызматы 2023-жылдын январь – февраль айларында 42 млрд 453.4 млн сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1 млрд 952 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.5 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 30 млрд 796 млн сом салык жана төлөмдөр, 11 млрд 657 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.