> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусуна 54,1 млн сом каржыланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/14/ysyk-kol-oblusuna-54-1-mln-som-karzhylandy/
- Published: 2024-03-14T05:24:11.000Z
- Updated: 2024-03-14T05:24:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облусуна 54,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, 2024-жылдын январь-февраль айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 54.1 млн сом каржыланган. Алар:

· теңдөөчү трансферттер – 39.1 млн сом;

· электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 9.8 млн сом;

· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5.2 млн сом каржыланган.