Ысык-Көл облусуна 54,1 млн сом каржыланды

Ысык-Көл облусуна 54,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2024-жылдын январь-февраль айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 54.1 млн сом каржыланган. Алар:

·                    теңдөөчү трансферттер – 39.1 млн сом;

·                    электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 9.8 млн сом;

·                     жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5.2 млн сом каржыланган.