Жыл башынан бери Чүй облусу 138.6 млн сомго каржыланды

Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 52.4  млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

·        теңдөөчү трансферт – 44 млн сом;

·        айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7.9 млн сом;

·        электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0.5 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 86.2 млн сом бөлүнүп берилди.