> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусуна республикалык бюджеттен 108.5 млн сом каржыланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/15/batkien-oblusuna-riespublikalyk-biudzhiettien-108-5-mln-som-karzhylandy/
- Published: 2024-03-15T05:41:21.000Z
- Updated: 2024-03-15T05:41:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104.3 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 56.4 млн сом;

· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30 млн сом;

· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 3.2 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, 2024-жылдын 5-февралында №34-р Тескемесине ылайык 1 млн сом каржыланды.