Баткен облусуна республикалык бюджеттен 108.5 млн сом каржыланды

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104.3 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

·         теңдөөчү трансферт – 56.4 млн сом;

·         айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30 млн сом;

·         электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 3.2 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, 2024-жылдын 5-февралында №34-р Тескемесине ылайык 1 млн сом каржыланды.