Кепилдик фонд жана Жашыл климаттык фонд кызматташат

Кыргыз делегациясынын Кореяга жумушчу сапарынын алкагында «Кепилдик фонд» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар “жашыл” экономиканын алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алмашышты.

Өзгөчө көңүл жашыл ишкердикти өнүктүрүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн банктар аркылуу жашыл кредит берүүгө бурулду.