> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылдын 2 айында салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 5.3 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/03/20/2024-zhyldyn-2-aiynda-salyktyk-emies-kirieshielierdin-tushuusu-5-3-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2024-03-20T08:49:56.000Z
- Updated: 2024-03-20T08:49:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 2 айына карата мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 5 млрд 295.8 млн сомго аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен, 2 айдын жыйынтыгы боюнча, ФКФ (Финансылык кедиттик фонд) тарабынан бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарга бекитилген планы 135.6 млн сом өлчөмүндө белгиленип, иш жүзүндө аткарылуусу 327.7 млн сомду түздү. Бекитилген планына карата, 192.1 млн сомго көбөйгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 241.7% ашты.

Мындан тышкары, унааларды каттоо жана кайра каттоо жыйымы боюнча 249,4 млн сомго планы бекитилип, аткарылышы 384.5 млн сомду түзгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 154.2%ды түздү.