Чүй районунун бюджетинде 17.2 млн сом каржы бузуулары аныкталды

Эсептөө палатасы, 2022-жылга карата Чүй областынын Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Чүй районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында – 17 млн 199 миң 900 сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде:

·      Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө, кирешелердин болгон булактарын толук эсепке албагандыктын натыйжасында, түшүүлөрдүн пландык көрсөткүчтөрү – 4.3 млн сомго төмөндөтүлгөн;

·      жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалануу үчүн алынган акынын 1/3 бөлүгү – 29 миң сом суммасында жергиликтүү бюджетке котрулган эмес;

·      депозиттик эсептерде 3 жылдан ашык сакталган акча каражаттары – 107 миң сом;

·      аткарылган жумуштун көлөмү жана курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы – 2 млн 96 миң 200 сом;

·      эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 4.9 млн сом, анын ичинде: бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турбаган кызматкерлер кабыл алынган, аларга – 3.9 млн сом эмгек акы төлөнгөн, 1 млн сомго штаттан тышкаркы бирдиктер киргизилген;

·      жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген ченемден ашыкча керектелген электр энергиясы – 115.6 млн сом;

·      товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар – 4.8 млн 500 сом;

·      каражаттарды сарптоодо тастыктоочу бухгалтердик документтерсиз – 11.3 миң сом негизсиз эсептен чыгарылган.

·      рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 185 миң 300 миң сом;

·      мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануунун ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү – 123 миң сом;

·      мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн талаптарын жана жол – жоболорун бузуу – 504 миң сом.

Чуй районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.