Соң-Көлдө 4.8 млн даана сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди

Балык чарба департаментинин «Соң - Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң - Көл көлүндөгү «Жаман эчки» тилкесинде 4 млн. 875 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Балыктандыруу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймак аралык инспекциясынын Каратал-Жапырык коругунун дирекциясынын, департамент ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.