Кыргызстанда «Билим» жана «Илим» бренддеги ноутбуктар чогултулат

«Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде «Билим» жана «Илим» бренддери менен  ноутбуктарды, хромбуктарды  жана планшеттерди чогултуу процессин баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ААК билдирди.

Компания буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.