Өкмөттүн Кумтөрдүн дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19.2 млн доллар бөлүнгөн.

Өндүрүлгөн продукциялар Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.