Транспорт министрлигине 14 млрд сом бөлүнөт

2024-жылга бюджеттен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 14 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

·      учурдагы бюджет боюнча – 4.4 млрд сом;

·      «капиталдык салымдар» беренеси боюнча – 2 млрд сом;

·      «мамлекеттик инвестициялар» беренеси боюнча – 7.6 млрд сом.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2023-жылы 2022-жылга караганда 32.4 млн сомго аз каржыланганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматка КР Финансы министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

2022-жылы Транспорт министрлигине учурдагы бюджеттен гана бөлүнгөн каражат 3.4 млрд сомду түздү. 2023-жылы учурдагы бюджет 708 млн сомго көбөйүп, 4 млрд сомду түздү.