«Кепилдик фонду» акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт – күн тартиби

«Кепилдик фонду» ААКсы 2024-жылдын 26-апрелинде акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирет.

Маалыматка ылайык, акционерлердин жылдык жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү датасы: 2024-жылдын 27-марты.

Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун күн тартиби:

1.        «Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.

2.        «Кепилдик фонд» ААКсынын 2023-жылдагы финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө Башкарманын отчетун бекитүү жөнүндө.

3.        «Кепилдик фонд» ААКсынын 2023-жылдагы финансылык отчеттуулугунун аудитинин жыйынтыктары боюнча көз карандысыз тышкы аудитордун корутундусу жөнүндө.

4.        «Кепилдик фонд» ААКсынын Текшерүү комиссиясынын 2023-жыл үчүн корутундусу жөнүндө. 

5.        «Кепилдик фонд» ААКсынын маалымат системаларына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча көз карандысыз тышкы аудитордун корутундусу жөнүндө.

6.        2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсынын балансы, пайда жана чыгым эсептери боюнча ишинин жылдык жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө.

7.        «Кепилдик фонд» ААКсынын Директорлор кеңешинин 2023-жыл үчүн отчету жөнүндө.

8.        2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсынын таза пайдасын бөлүштүрүүнүн тартибин, акционерлерине дивиденддерди төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин бекитүү жөнүндө.

9.        2024-жылга «Кепилдик фонд» ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сарпталуучу чыгашалардын сметасын бекитүү жөнүндө.

10.     2024-жылга «Кепилдик фонд» ААКсынын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө сарпталуучу чыгашалардын сметасын бекитүү жөнүндө.

11.    «Кепилдик фонд» ААКсынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

12.     «Кепилдик фонд» ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

13.    «Кепилдик фонд» ААКсынын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн кайра шайлоо жөнүндө.

 

Чогулушка катышууга укугу бар жактарга тапшырыла турган маалыматтар (материалдар) менен төмөнкү дарек боюнча таанышууга болот: Бишкек ш., Чүй проспектиси, 114, «Кепилдик фонду» ААКсынын кенсеси, 413-кабинет, саат 9.00дѳн 18.00гѳ чейин. Көрсөтүлгөн маалыматтар жана материалдар Акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү учурунда ага катышкан адамдарга жеткиликтүү  болот.

Чогулуштун  катышуучусу  катары каттоодон өтүү үчүн коомдун акционери паспорт же башка инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү керек. Ал эми акционерлердин өкүлдөрү үчүн – Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамынын  47-беренесине ылайык кошумча түрдө  ишеним кат талап кылынат.        

                                                                                                                                 

Чогулушту өткөрүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча Корпоративдик катчыга кайрылыңыз, тел: 0558 88-42-77.