> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2024-жылдын башынан бери 1 млрд сомго 202 техника лизингге берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/04/02/2024-zhyldyn-bashynan-bieri-1-mlrd-somgho-202-tiekhnika-lizinghghie-bierildi/
- Published: 2024-04-02T06:02:03.000Z
- Updated: 2024-04-02T06:02:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо максатында 2011-жылдан тартып айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет. Бул тууралуу мекеме эскертти.**

Тактап айтканда, 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 14.8 млрд сомго 6 116 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, жалпы алып караганда:

· 2022-жылдын март айына карата 3 млрд сомго 983 техника;

· 2023-жылдын март айына карата 4.3 млрд сомго 1155 техника;

· 2024-жылдын март айына карата 1 млрд сомго 202 техника берилди.

«Айыл Банк» ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө.