2024-жылдын башынан бери 1 млрд сомго 202 техника лизингге берилди

Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо максатында 2011-жылдан тартып айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет.  Бул тууралуу мекеме эскертти.

Тактап айтканда, 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 14.8 млрд сомго 6 116 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, жалпы алып караганда:

·      2022-жылдын март айына карата 3 млрд сомго 983 техника;

·      2023-жылдын март айына карата 4.3 млрд сомго 1155 техника;

·      2024-жылдын март айына карата 1 млрд сомго 202 техника берилди.

«Айыл Банк» ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө.