Бишкекте АГРОФОРУМ-2024 өтүүдө
Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда туруктуу агрардык өнөр жай секторун түзүүгө арналган АГРОФОРУМ-2024 өттү. Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте уюштурган. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, өкмөттүн өкүлдөрү, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, донордук коомчулук жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Форумдун катышуучулары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн ар кандай аспектилерин, анын ичинде өкмөттүн артыкчылыктарын жана жаңы демилгелерди, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, климаттын өзгөрүү маселелерин, инновацияларды жана заманбап технологиялардын артыкчылыктарын талкуулашты. Форум айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду кийинки муунун даярдоодогу диалогдун башталышы болду.
КРда агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги, милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиясы тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев айтып берди. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын алдыңкы адистери тарабынан айыл чарбадагы дүйнөлүк тенденциялар, азык-түлүк коопсуздугу жана азык-түлүккө болгон баалар тууралуу маалымат берилди.
Андан тышкары форумдун аянтында Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы КРдагы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору боюнча макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул долбоор мөңгүлөргө, кар катмарына, сел жана суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн потенциалын жогорулатууга, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашырууга жардам берет.