> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форумунун алкагында 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/04/03/kyrghyzstan-kytai-suar-biznies-forumunun-alkaghynda-1-mlrd-dollardan-ashuun-dokumienttierghie-kol-koiuldu/
- Published: 2024-04-03T05:17:29.000Z
- Updated: 2024-04-03T05:17:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын жана Кытайдын ишкерлеринин «Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Ишкерлердин форумуна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

Ишкерлер форумдун жүрүшүндө, өз тармактары боюнча презентацияларды көрсөтүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты. 

«Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.