2024-жылы Ош облусунда 257.3 млн сомго 86 долбоор ишке ашырылат

Ош облусу боюнча 2024-жылга карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 257.3 млн сом суммасында 86 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

- Кара-Кулжа районунун 12 объектисине 35.3 млн сом;

- Араван району- 7 объектиге 21.8 млн сом;

- Кара-Суу району - 18 объектиге 61.8 млн сом;

- Ноокат району - 18 объектиге 54.6 млн сом;

- Алай району - 4 объектиге 12 млн сом;

- Өзгөн району - 20 объектиге 52.3 млн сом;

- Чоң-Алай району - 7 объектиге 19.5 млн сом;

Жалпы:

- 34 мектепке – 95.1 млн сом;

- 31 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 100.3 млн сом;

- 5 спорттук курулуштарга – 16.1 млн сом;

- 4  маданий маанидеги объектилерге – 13.4 млн сом;

- 12 бала бакчага – 34.2 млн сом.