> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй менен Бишкекти газдаштырууга 1 млрд сом бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/04/11/chui-mienien-bishkiekti-ghazdashtyruugha-1-mlrd-som-bolunghon/
- Published: 2024-04-11T05:40:37.000Z
- Updated: 2024-04-18T15:19:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги эскертти.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алууга Бишкек шаарын жана Чүй облусун жарандарына мамлекетик колдоо көрсөтүү.

Долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «РСК Банк» катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сомду түзүүдө.

Кредит алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты жогоруда аталган коммерциялык банктардан алсаңыздар болот.