> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/06/21/alians-altyn-mai-aiynda-biudzhietkie-riekordduk-summadaghy-salyk-tolodu/
- Published: 2024-06-21T09:55:30.000Z
- Updated: 2024-06-21T10:00:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду.**

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого алтынды сатуудан түшкөн пайдадан 2%» беренеси боюнча 1.3 млрд сом которгон.

Алардын ичинен 655.2 млн сом Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 393.1 млн сом Талас районун өнүктүрүү фондуна жана 262 млн сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна которулган. 

2024-жылдын апрелде үчүн жер үстүндөгү сууну колдонуу үчүн «Альянс Алтын» дээрлик 2.8 млн сом төлөгөн. Ошондой эле 2024-жылдын биринчи кварталы үчүн экологиялык эмиссиялар үчүн 14.3 млн сом төлөдү.

Азыркы учурда «Альянс Алтында» 752 вахталык жумушчу иштейт, алардын 532си Талас облусунун тургундары (243ү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн). Жерүй кенинде подряддык компанияларда иштегендерди кошкондо жалпы 1400гө жакын адам эмгектенет.