«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду.

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого алтынды сатуудан түшкөн пайдадан 2%» беренеси боюнча 1.3 млрд сом которгон.

Алардын ичинен 655.2 млн сом Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 393.1 млн сом Талас районун өнүктүрүү фондуна жана 262 млн сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна которулган. 

2024-жылдын апрелде үчүн жер үстүндөгү сууну колдонуу үчүн «Альянс Алтын» дээрлик 2.8 млн сом төлөгөн. Ошондой эле 2024-жылдын биринчи кварталы үчүн экологиялык эмиссиялар үчүн 14.3 млн сом төлөдү.

Азыркы учурда «Альянс Алтында» 752 вахталык жумушчу иштейт, алардын 532си Талас облусунун тургундары (243ү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн). Жерүй кенинде подряддык компанияларда иштегендерди кошкондо жалпы 1400гө жакын адам эмгектенет.