Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи баскычтын курулуш аймагын кыдырып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин жеринен көрүп чыгышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы уюмдун адистери менен компаниянын кызматкерлери калдык сактоочу жайдын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн геомембрана төшөө процессинин этаптары тууралуу кеңири маалымат берип, элдик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жалпысынан элдик комиссиянын мүчөлөрү алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулушунун жүрүшүнө оң баа беришип, бардык технологиялык нормалар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн так сакталып жатканын белгилешти.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын” мүчөлөрүнүн калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулушу менен таанышуу сапары буга чейин да болгон. Быйылкы жылы эле, калдык сактоочу жайдын казуу иштеринен кийин, 16-апрелде жана 13-июнда комиссиянын мүчөлөрүнүн иш сапарлары уюштурулган. Комиссия мүчөлөрү менен макулдашылгандай, алардын кийинки сапары калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш этаптары толугу менен аяктаганда уюштурулат.