«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат берди.

Акыркы үч жылдын ичинде «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду муниципалитеттин долбоорлорун ишке ашырууга олуттуу каражат бөлгөн, анын ичинде:

- «Таза Суу» муниципалдык ишканасынын тазалоочу курулмаларын оңдоо жана реконструкциялоо;

- Башкы суу кампасынын электр зымдарын алмаштыруу;

- Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн канализация түтүктөрүн жаңыртуу ж.б.

Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» ЖЧКсы 2015-жылдан бери Талас районундагы Жерүй алтын кенинде иш жүргүзүп келет жана аймактын өнүгүүсүнө активдүү салымын кошууда.

«Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш кызматы жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик мекемелер менен тыгыз кызматташтыкты колдоп келет.

Компаниянын ишмердүүлүгү аймак тургундары үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Тагыраагы, компания облус жашоочуларын жогорку маянасы бар жумуш орундар менен камсыз кылды. Учурда «Жерүй» ишканасында 1500дөн ашуун адам эмгектенүүдө, алардын 97%ы Кыргыз Республикасынын жарандары.

Компания тарабынан мамлекеттик бюджетке ири суммадагы салыктарды төлөйт. 2015-2024-жылдары республикалык казынага 24 млрд 336 млн 511 миң 998 сом которулган.

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» Талас облусунун өнүгүшүнө каржылык колдоо көрсөтүп, каражаттарды төмөнкү үч жергиликтүү фондго бөлүп келет:

Талас облусун өнүктүрүү фондуна – 843 млн 246 миң 375 сом;
Талас районун өнүктүрүү фондуна – 505 млн 947 миң 825 сом;
Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна – 337 млн 298 миң 550 сом.

Ошондой эле, компаниянын демилгеси менен «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын жалпы каржылоо суммасы 1,2 млрд сомду түздү. Бул каражаттар билим берүү, спорт, маданият, айыл чарба, суу менен камсыздоо, өндүрүш жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.