> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 132 ишкана, 11 миңге жакын жумуш оруну
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/06/132-ishakana-11-minghie-zhakyn-zhumush-orunu/
- Published: 2025-10-06T09:39:13.000Z
- Updated: 2025-10-07T04:23:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бектур Базылбеков жыл башынан бери өлкөдө 77 өнөр жай ишканасы ачылганын билдирди.** 

> Алардын 67си Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылып, 6 миң 200 жаран иш менен камсыздалган. 

> Бул ишканаларга жалпы 334,6 млн доллар жумшалган. Б.Базылбековдун билдиришинче быйыл жалпы 1 млрд 17 млн доллар инвестиция салынган 132 ишкана ачылып, 11 миңге жакын жумуш оруну түзүлөрү күтүлүп жатат. 

Былтыр 100дөн ашык ишкана ачылып, 8 315 жумуш оруну түзүлгөн. Экономика министринин өкүлүнун айтымында, ишкерликти каржылоодо, жер тилкесин трансформациялоодо, уруксат кагаздарын алууда жана башка көптөгөн маселелерди чечүүдө министрлик ишкерлерге ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет.